Кабул шаарындагы чыккан жарылуудан каза болгон адамдардын саны 100дөн ашты

0

Ооганстандын борбору Кабул шаарындагы эл аралык аэропорттун жанында чыккан жарылуудан каза болгон адамдардын саны 100дөн ашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, каза болгондордун ичинен 90у Ооган жараны болсо, 13ү АКШнын аскер кызматкерлери.
Жарылуу британиялык күч структурасынын пунктуна жакын жерде орун алган.

Белгилей кетсек, буга чейин Кабулдагы эл аралык аэропорттун жанында жарылуу орун алгандыгы жазылган.

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.