Кайра шайлоо: Үч округдан 42 киши талапкер болуу үчүн арыз берди

0

Баткен, Кара-Суу жана Ош бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер көрсөтүүнүн мөөнөтү аяктады.

Үч шайлоо округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин 42 жаран билдирди.

28-мартка карата Баткен шайлоо округу боюнча 12 талапкер, Кара-Суу шайлоо округу боюнча — 12 талапкер, Ош шайлоо округу боюнча — 18 талапкер, анын ичинен 2 аял.

31-мартка чейин талапкерлер каттоодон өтүү үчүн документтерин толук тапшырышы керек:

-шайлоо күрөөсүн төлөгөндүгүн тастыктаган документ;

-жогорку кесиптик билими жөнүндө документтин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

-иштеген же окуган жеринен маалымкат;

-бекитилген форма боюнча биографиялык жана башка маалыматтарды көрсөтүү менен талапкер жөнүндө маалымат.

БШК талапкерлердин мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн карап чыгып, 8-апрелге чейин депутаттыкка талапкерлерди каттайт.

Бардык талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин 8-апрелде шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат, ал 27-апрелде саат 8:00дө аяктайт.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.