“Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга бюджеттен дагы 1,5 млрд сом бөлүнөт

0

Энергетика министри Таалайбек Ибраев “Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясын (ГЭС) куруу иштерине даярдык көрүүгө Финансы министрлиги бюджеттен дагы 1 млрд 500 млн сом бөлө турганын билдирди. Бул тууралуу ал 25-июнда парламенттин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында айтты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча даярдык иштерине 44,1 млрд сом кетери айтылган. Өкмөт ГЭСти куруу үчүн 2024-2030-жылдарга мамлекеттик бюджеттен кошумча 500 млн доллар бөлүүнү пландап жатат.

“Камбар-Ата-1” ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечимин кабыл алган. Ага ылайык, үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Компания “Камбар-Ата-1” ГЭСин башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт. Буга чейин айрым депутаттар менен энергетиктер үлүштөрдүн пайызы боюнча тынчсыздануусун билдиришкен.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.