Коррупция менен күрөшүүдөн 7,5 млрд сом чогулду

0

Бир жыл ичинде коррупция менен күрөшүүдөн 7,5 млрд сомдун тегерегинде акча түштү. Бул тууралуу Улуттук кооопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин жыйынында айтты.

Акыркы он айда 5,9 млрд сом чогулган. Анын 3 млрд сому бир эле компаниядан түшкөн.

«Коррупция менен алектенип жүргөндөрдүн баарын жоопко тарттык, дагы тартабыз. Мени менен бирге тойго, Куран окутууга барса да, коррупциялык иштерди жасагандын баарын жазага тартабыз. Эгер сиз дагы мыйзам бузсаңыз, жоопко тартабыз. Мен тойго «бирөө» менен барган болсом эле, аны менен достошуп кеттим дегенди түшүндүрбөйт. Мен жыл ичинде бир эле жолу тойго бардым, анда силер айтып жаткан Матраимов менен чогуу отурган жокмун. Чогуу отурсам да, бул жаман деп ойлобойм. Анткени Матраимов башкаларга караганда, 2 млрд сом бюджетке төлөдү. Аны эч ким калкалаган жок», — деди Ташиев.

Депутат Дастан Бекешев өлкөдө коррупцияга каршы күрөшүп жүргөндөр жемкорлукка баргандар менен чогуу тойго барып жүрүшкөнүн сындаган.

Өткөн жумада Ош шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашевдин баласынын үйлөнүү тоюна УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да барганы айтылган. Андагы сүрөттөрдөн коррупция менен айыпталган Райымбек Матраимовду көрүүгө болот.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.