КР УКМК: Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Х.Ш.К. кармалды

0

КР УКМК Азия өнүктүрүү банкынын эсебинен алынган карыздык каражаттардын эсебинен ишке ашырылуучу ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда улуттук кызыкчылыктарды коргоону камсыз кылуу боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу департаментинин кызмат адамдарынын катышуусунда чет өлкөлүк банкка чыгарылган 1 миллион 498 миң 200 АКШ долларын ( КР УБ курсу боюнча 134 миллион 103 миң 882 сом) кайтарып берүү процедурасын аяктады, бул Ысык-Көл областынын Каракол шаарында канализациялык-тазалоочу курулманы куруу боюнча долбоорду ишке ашырууну үзгүлтүккө учуратуу коркунучун жараткан.


Буга чейин маалымдалгандай, 2024-жылдын 4-мартында УКМК органдары тарабынан аталган акча каражаттарын банкрот болгон чет өлкөлүк банкка чыгарууга тиешеси бар деген шек менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ичүүчү суу менен камсыздоону өнүктүрүү жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Х.Ш. К. кармалган.


Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын натыйжасында Азия өнүктүрүү банкынан алынган насыялар толугу менен долбоорго кайтарылды жана Каракол шаарында канализациялык-тазалоочу курулманын курулушуна жумшалат.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.