КР УКМК: Чүй облусунун Сокулук районундагы социалдык-инфраструктуралык объектилер мамлекеттин менчигине кайтарылды

0

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын натыйжасында Чүй облусунун Сокулук районунда «Шопоков» Айыл чарба кооперативинин төрагасы «З.У.» тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык-инфраструктуралык объектилери мамлекетке кайтарылды.


Маалыматка ылайык, Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы №11 сандуу токтомунун негизинде Гавриловка айылындагы аянты 4,4 гектарды түзгөн көлмө сугат ирригациялык курулушу «Шопоков» АЧКсына бекитилип берилгени аныкталган. Бул чечим мыйзамсыз, анткени ал Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы «Социалдык инфраструктуралык объектилерин андан ары пайдалануу шарттарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндөгү» №37 Указында коюлган талаптарды бузган.


Мындан тышкары, мурдагы Шопоков атындагы колхоздун балансынан, жаңыдан түзүлгөн «Шопоков» АЧКга жалпы суммасы 5 789 542 сомдук мүлктөр, клубтун имараты менен кошо өткөрүлгөн. Ошондой эле клубтун имаратына чектеш болгон 5135 чарчы метр жер тилкесине Сокулук райондук «Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы» тарабынан жеке менчик укугун аныктоочу мамлекеттик актысы берилген. Бул жерде, жогорудагы Указда белгиленген талаптар одоно түрдө бузулган.


Жыйынтыгында, «Шопоков» АЧКнын төрагасы «З.У.» тарабынан, бул иштерди жөнгө салууга таасири бар бир катар кызмат адамдары менен ошондой эле Гавриловка айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары менен алдын ала кылмыштуу макулдашуулар орун алып, мыйзамга каршы чыккан туруктуу байланыштар түзүлгөн. Мындан улам, «З.У.» системалык негизде иш алып барып, жогоруда көрсөтүлгөн социалдык объектилерди жана ирригациялык курулмаларды мыйзамсыз өзүнүн менчигине өткөрүүсү менен коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында «Шопоков» АЧК төрагасы «З.У.» камакка алынды. Ал өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин мойнуна алып, Сокулук районунун Гаврилов айыл өкмөтүнүн балансына төмөнкү мүлктөрдү өткөрүп берди:
клубтун имараты 0,50 гектар жери менен;
аянты 4,4 гектарды түзгөн көлмө сугат ирригациялык курулушу.


Жүргүзүлгөн эсептөөлөргө ылайык, Гавриловка айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилген объектилердин базардык наркы 243 млн 590 миң сомду түзөөрү аныкталды.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.