Эл аралык террористтик жана радикалдык-экстремисттик уюмдардын ишмердигин аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган антитеррордук иш-чаралардын жүрүшүндө козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР жараны чет мамлекеттин аймагында куралдуу кагылышууларга же согуш аракеттерине катышкандыгы, террористтик жана экстремисттик даярдыктан өткөнү, ошондой эле улуттук этностор аралык, расалык, диний жана регион аралык кастыкты козгогондугу үчүн, 2024 — жылдын 4-майында 1966-жылы туулган КР жараны, Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Б.З.Т. Түркиянын аймагында кармалып, депортацияланды. Аталган жаран 2015-жылдын ноябрында Сирия Араб Республикасында «Жабхат-Ан-Нусра» Эл аралык террористтик уюму тарабынан куралдуу жаңжалга катышкан.

Аталган Б.З.Т. соттун чечими менен КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.