КР УКМК: Сузак районунун аймагында “Хизб ут Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду
2024-жылдын 31-майында КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасында тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун 6 активдүү жактоочусу кармалды. Аталган адамдар Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Бек-Абад айылында экстремисттик идеологияны активдүү жайылтышкан.

Жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында экстремисттик мүнөздөгү көп сандагы адабияттар, баракчалар, уюлдук телефондор жана электрондук алып жүрүүчү каражаттар табылды.

Бул адамдар «ХТИ» ДЭУнун катарына жаңы жактоочуларды тартуу максатында жергиликтүү калк арасында экстремисттик идеологияны үгүттөө иштерин системалуу түрдө жүргүзүп келишкен.
Кармалгандар КР УКМКнын тергөө абагына киргизилип, алардын кошумча кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.
КР УКМК жарандарга Кыргыз Республикасында тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишине катышкандыгы үчүн каралган кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө эскертет.