Ысык-Көл облусунда юридикалык кызмат көрсөтүү жана жарандык юрисдикция чөйрөсүндөгү коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Ысык-Көл облусунун Балыкчы нотариалдык округунун жеке нотариусу 1983-жылы туулган К.Ж.З. кармалды.

Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам иш-чаралардын, ошондой эле документтик базаны талдоолордун натыйжасында, жеке нотариус К.Ж.З. атайылап, өз пайдасын көздөп, мыйзамсыз баюу жана мүлктүк пайда алуу максатында кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатуу келишимин мыйзамсыз түрдө жол-жоболоштурган. Мында көрсөтүлгөн документтерде тараптардын кол тамгалары жасалмаланганы аныкталды.
Тактап айтканда, бүтүм мүлктүн мыйзамдуу ээсинин кабары жок жана анын катышуусусуз түзүлгөн. Жеке нотариустун мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында жабырлануучу мүлккө болгон менчик укугунан мыйзамсыз түрдө ажыратылган.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өлкөнүн мыйзамдарын бузууга жол берилбестигин, эгерде мындай учурлардын бири аныкталса, тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертет жана мындай окуялардан жабыркаган жарандарды төмөнкү телефон номерлерине чалууга чакырат: +996 (3922) 51180, +996 555 540052.
____