КР УКМК: Жалал-Абаддагы жашыруун медресенин (хужра) ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

0

2024-жылдын 11-мартында УКМК тарабынан жашы жете элек балдарга диний сабактарды берген жашыруун медресенин (хужра) ишмердүүлүгү аныкталып, ага бөгөт коюлду.
1998 – жылы туулган, диний билими жок КР жараны М.Х.А. жашаган жеринде диний сабактарды уюштургандыгы, 6 жаштан 9 жашка чейинки балдарга (12 бала), сабактар күн сайын саат 09:00-12:00дөн тартып өткөрүлгөндүгү, сабактар өткөрүлгөн жайлар санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык келбегендиги (жараксыз жана салкын бөлмөлөр), колдонулган адабияттар Кыргызстан Мусулмандар Диний Башкармасы тарабынан текшерүүдөн өтпөгөндүгү, айрым балдар узак убакыт бою орто мектепте окушкан эместиги аныкталган.


Текшерүүнүн жыйынтыгында КР жараны М.Х.А.га карата «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» КР Мыйзамынын 8, 10-беренелерин жана «Укук бузуулар жөнүндө» КР кодексинин 142-беренесинин 1-бөлүгүн бузуу жөнүндө актылар жана протоколдор түзүлүп, 7500 сом айып салынды.


Мындан тышкары жашы жете элек балдардын, окуучулардын ата-энелери менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, социалдык кызматкерлер тарабынан орто мектептерде жашы жете элек балдарды калыбына келтирүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.