“Кыргыздар” аттуу 40 томдук китептин бет ачары болду

0

Кырк томдон турган тарыхый «Кыргыздар» китебин Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов жана саясат таануу илимдеринин доктору Каныбек Иманалиев түзүп чыккан.

Китепте кыргыз элинин байыркы замандан бүгүнкү күнгө чейинки тарыхы, салт-санаасы, санжыра, рухий маданияты жана башка көптөгөн тарыхый маалыматтар камтылган.

Анын бет ачары 21-декабрда Улуттук тарых музейинде өттү. Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов сөз сүйлөп, китептин түзүүчүлөрүнө ыраазылык айтты.

Каныбек Иманалиевдин маалыматына караганда, алгач китептин 14 томдугу, андан соң 20 томдугу жарык көргөн. Кырк томдук китеп 30 миңдей барактан, 9 млн сөздөн турат. Анын ичинде миңден ашык автор бар.

«Кыргыздар» тарыхый китебинин алгачкы 1-2-томдуктары 1990-жылдары жарык көргөн. Анын башында жазуучу Кеңеш Жусупов турган

Get real time updates directly on you device, subscribe now.