«Кыргызэлектроника» ишканасы ноутбук жана планшеттерди чогултуу процессин баштоону көздөп жатат

0

«Кыргызиндустрия» ААКнун туунду компаниясы «Кыргызэлектроника» ЖЧКсы өз өндүрүшүнүн негизинде «Билим» жана «Илим» бренддери менен ноутбуктарды, хромбуктарды жана планшеттерди чогултуу процессин баштоону көздөп жатат. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.

Компания буга чейин Acer, Lenovo сыяктуу көптөгөн дүйнөлүк бренддердин атынан ноутбуктар жана планшеттер үчүн тетиктерди чыгарган атактуу кытайлык Clovertek Industries компаниясынан электрондук компьютерлердин жана жабдуулардын сыноо үлгүлөрүн алган.

Бул Кыргызстандын жарандарына, анын ичинде окуучуларга жана студенттерге жогорку сапаттагы ноутбуктарды, хромбуктарды жана планшеттерди арзан баада сатып алууга мүмкүндүк берет.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.