Кыргызстан рактан каза болгондор боюнча Борбор Азияда биринчи орунда турат

0

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда жыл сайын 5500гө жакын кишиден онкологиялык оору жаңы аныкталарын, өлкө рактан каза болгон адамдардын саны боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында биринчи орунда турарын билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, жыл сайын аялдар арасында жатын моюнчасынын рагы менен 600 учур аныкталса, анын 300ү каза табат. Мекеме дартты эрте аныктоо үчүн рактын алгачкы белгилери тууралуу калкка маалымат берип, үзгүлтүксүз текшерүү жүргүзүп туруу зарыл экенин белгиледи.

Кыргызстанда 30 миңге чукул адам онкологиялык оору менен каттоодо турат. Оорусу жаңы аныкталгандардын жарымы бир жылга жетпей каза болот.

Аялдар арасында жатын моюнчасы менен эмчек рагы кеңири жайылган.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.