Кыргызстанда 9-май дем алыш, 11-майда иш күнү болот Коом On Май 7, 2024 0 Бөлүшүү 9-май, бейшемби Кыргызстанда дем алыш күн болот. Бул күнү Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш майрамы белгиленет. Май айынын башында кыргызстандыктар 1-5-майга чейин эс алды. 1-май Эмгек күнү, 5-май Конституция күнү белгиленди. 5-май жекшембиге туш келгендиктен, 6-май дүйшөмбү күнү дем алыш болушу керек болчу. Бирок бул күнү кыргызстандыктар 2-майда эс алганы үчүн иштешти. Эми ишембиде 11-майда иш күнү болот, себеби 3-май жума күндөгү иш күнү ушул күнгө которулган. Дем алыш жана иш күндөрүн белгилөө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык түзүлгөн. Continue Reading Get real time updates directly on you device, subscribe now. Subscribe Тектеш жаңылыктар УКМК: Эл аралык интернет-алдамчылык борбору жоюлду Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын мурдагы биринчи орун басары кармалды УКМК тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү каналынан 16 килограмм баңгизат… Улуу талант Улукмырза Полотов каза болду Мурунку Кийинки