Манасчы Дөөлөт Сыдыков Ошто 3 күн бою Манас айтат

0

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Ош шаарына үч күн боюу Манас айтат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, 19-20-21-март күндөрү манасчы Дөөлөт Сыдыков Ош шаарындагы «Алымбек датка» этнографиялык борборунда 3 күн Манас айтат.

Иш-чара эртең менен саат 10:00до башталат.

Эске сала кетсек, Гиннесстин рекорддор китебине кирүү үчүн 2020-жылдын 12-ноябрь күнү, манасчы Дөөлөт Сыдыков Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтында 14 саат 27 мүнөт бою эч тыным албай, сууда ичпей манас айтып, калың элди таң калтырган.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.