МЕЛИС МЫРЗАКМАТОВ МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮКТҮ АЛДЫГА СҮРӨГӨН МЫКТЫ ЛИДЕР, КОЛДОП АЛАЛЫ!

0

Мелис Мырзакматов  элине жасаган эмгеги менен эл ичинде бааланган мыкты, биз сыймыктанган саясатчы. Эл арасында кылган эмгеги,эрдиктери, мекенчилдиги аңыз болуп айтылып бүтпөс темага айланган. Кесибибизге байланыштуу саясатчылар арасында рейтинг жасап, сурамжылоо жүргүзүп калсак Мелис Мырзакматовдун ысымы көп айтылып көпчүлүктүн арасынан  кашкайып чыга келет. Мыкты жетекчи катары эл оозуна алынып, ишинин жыйынтыктары көрүнө баштаганда   ал кездеги бийликтин ичи тарып,  Мырзакматовду саясий аренадан сүрүп чыгарып, акыры болбогон жасалма каралоолорду ойлоп таап, чет элде жүргөндө өлкөгө кире албай турган кылып иш козгоп салышканы баарыбызга маалым эмеспи.

Эми «ак ийилет бирок сынбайт» демекчи Мырзакматов акталып, «Улуттар Биримдиги» партиясы Ош шаардык кеңешине аттанып турушат. Эгер чын эле шаардын өнүгүүсүнө кааласаңыздар Улуттар Биримдиги партиясынын мурда баштаган план программасын ишке ашыруусуна көмөктөш болуп, 11-апрелдеги шайлоодо колдоп добуш бериңиздер!

Мелис Мырзакматов менен «Улуттар Биримдиги» жеңишке жетип, эл үчүн иштеген партия экендигин дагы бир жолу тастыктасын!

Каруусун казык, жанын азык кылып эли үчүн эмгегин арнай турган коомдук ишмер Мелис Мырзакматовду колдоп алалы!

Каныбек Осмоналиев, Коомдук ишмер:

—Мелис Мырзакматов Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан берки 3-4 — толкундагы жаш саясатчылардын катарына кирет. Өзү абдан чечкиндүү жана сабаттуу инсан. Анын саясий ишмердиги Ош шаарынын мэри болуп келгенде өзгөчө көтөрүлдү. Тез арада эле байыркы шаарды катуу өзгөрттү. Шаардын баардык кызматтарын катуу ишке салды. Тилекке каршы, анын мындай эмгектерин көрө албагандар болду. Айрыкча, Убактылуу өкмөт Мелис мырзаны кодулап туруп алды. Ош жана Жалал-Абад коогалаңында Мелис Мырзакматов патриоттук касиеттерин катуу көрсөтүп, көптөгөн кан төгүүлөрдүн алдын алды. Эрдик кылды. Бирок, ошол кездеги бийлик аны ак жеринен каралап, камап салуу аракеттерин көрдү. Кызматтан кетирди. Акыры Мелис мырза чет өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болду. Акыйкаттык бар экен, азыр толук акталып эл арасына келип кошулду. Мен ишенем, Мелис иним өз элине мындан ары дагы көп пайдалуу кызматтарды бере алат.

 Калдарбек Абдраманов, КРнын башкы кардиохирургу:

—Патриот, иш билги жетекчи! Эл үчүн аткара турган иштери али алдыда.

Акбалык Жумалиева, жарандык активист:

—Мелис Мырзакматов чиновник да эл үчүн иштесе боло тургандыгынкөрсөткөн бирден-бир көзгө басар, үлгү болор инсан болуп, шаар эли эле эмес,алыскы аймактардын элинин да жүрөгүнөн орун ала алды. Ал мекенчилдиги,көрөгөчтүгү, адилеттүүлүгү, эрктүүлүгү менен башкалардан айырмаланып, эл ишенимине ээ болгон күчтүү менеджер десем жаңылышпайм. Мырзакматовдой инсан бүгүн коомго аба-суудай керек болуп турат.

Адилет Айтикеев, жарандык активист:

—Мелис Мырзакматовдун саясий ишмердүүлүгү боюнча эң жакшы пикирдемин.

Эң негизгиси Мырзакматовдо лидерге тиешелүү баардык лидерлик сапаттар, баардык баалулуктар бар. Замандын талабын билип, күрөө тамырын кармай билген, ошол эле учурда  улуттук баалуулуктарды, принциптерди бекем ала жүргөн, рынок мамилеси менен мамлекеттүүлүктүн принциптерин айкалыштыра билген жетекчи. Ошондуктан Мелис Мырзакматовго мен дайыма ишенем.

Ал мамлекеттүүлүктү алдыга сүрөгөн мыкты лидерлердин бири. Мырзакматов Ош шаарын

башкарганда чарбакерлигин, тажрыйбасын, ишбилгилигин, өз позициясын мыктыаткара алгандыгын улуттук кызыкчылыктардын баарын жогору койгондугун көрсөтө билген.

Осмон медиа

Get real time updates directly on you device, subscribe now.