«Мен Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди саясий туткун деп эсептебейм», — деди президент Садыр Жапаров маалымат жыйыны учурунда.
Анын айтымында, Атамбаев бир иш менен эмес, бир нече кылмыш иши боюнча жоопкерчиликке тартылган.
«Атамбаевди мен отургузган жокмун», — деди ал.
Белгилей кетсек, учурда Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйыны өтүп жатат.
Булак Kabar.kg