Эгер өмүрдү кайра баштан жашоого мүмкүн болгондо,
Мен көбүрөөк жаңылышмакмын.
Мындай кемчиликсиз болууга аракет кылмак эмесмин,
бардык нерсеге жөнөкөй көз карашта карамакмын.
Аз нерсени гана жүрөктөн кабыл алмакмын.
Таптаза болууга тырышмак эмесмин.
Көбүрөөк тобокелге бармакмын.
Көбүрөөк саякаттап,
көбүрөөк күндүн батышын карамакмын.
Көбүрөөк тоолорго чыгып,
Көбүрөөк дарыяларды сүзмөкмүн.
Мурда барбаган жерлерге барар элем.
Эгер өмүрдү кайра баштасам жаз башталганда эле бут кийим чечип,
Күз аяктаганга чейин жылаңайлак жүрмөкмүн.
Көбүрөөк тынч, кооз жерлерде отуруп,
Көбүрөөк таңды тосмокмун.
Балдар менен көп ойномокмун,
эгер дагы бир өмүр берилсе…
Бирок, өзүңөр көрүп тургандай,
Мага азыр 85 жаш,
Мен бул дүйнө менен кош айтышып баратам…