Орус ӨКМи кол салууда жоголгон кыргыз кыздарды каза тапкандардын тизмесине кошту

0

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 26-марттын кечинде «Крокус ситидеги» кол салууда жоголгон эки кыргыз кызын каза тапкандардын болжолдуу тизмесине кошту. Тизме улам жаңыланууда.

Маалыматты кыздардын биринин жакындары «Азаттыкка» ырасташты.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги аларды каза болду деп айтууга азырынча эрте деген маалымат таратты.

«Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сайтында жарыяланган тизмеде генетикалык экспертизалары бүтө элек жарандардын маалыматтары камтылган. ДНК анализинин жыйынтыгы даяр боло элек», — деп жазылган анда.

Кыргызстандык Эдита Жусупова менен Маиза Гүлжигит кызы куралдуу кол салуу болгон 22-марттан бери дайынсыз болуп жаткан.

24 жаштагы Эдита Жусупова бир жылдан бери «Крокус холлдун» ашканасында иштеп жүргөн. Ал эми 20 жаштагы Маиза Гүлжигит кызы алты айдан бери «Крокус Сити Холлдо» иштеп жатканын жакындары “Азаттыкка” айтып беришкен.

Буга чейин кыздардын жакындары генетикалык экспертиза (ДНК) үчүн анализ бергенин айтышкан.

22-марттын кечинде камуфляж формасын кийген бир нече белгисиз адам “Крокус сити” борборундагы концерттик залда адамдарды туш келди аткылашкан. Андан кийин жарылуу болуп, өрт тутанган. Кандуу калабада соңку маалыматтар боюнча 139 кишинин өмүрү кыйылды, арасында үч бала бар. 180ден көп адам жабыркаганы кабарланды.

Федералдык коопсуздук кызматы 23-мартта калабага тиешеси бар делген 11 киши кармалганын билдирген. Кол салууну ишке ашырууга шек саналган төрт киши эки айга камалды. Алардын баары Тажикстандын жарандары экени маалым болгон. Сотко алар катуу кыйноо көргөн абалда алып келинген. Мындан тышкары шектүүлөр түшкөн машиненин акыркы ээси болуп катталган жаран, анын атасы менен иниси да эки айга камалды. Шектүүлөрдүн бирине батирин ижарага берген теги кыргызстандык Орусиянын жараны Алишер Касимов да 22-майга чейин камакка алынды. Расмий Москва кармалгандардын жарандыгы тууралуу расмий билдирүү тараткан жок.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.