Ош шаарында мектеп автобустары окуучуларды акысыз ташый баштады. Учурда каттамдарда эки автобус иштеп жатат, мэриядан келечекте алардын санын көбөйтүү пландалып жатканын билдиришти.
Бир автобус Кызыл-Байрак айылынан окуучуларды ташыса, экинчиси Михаил Ломоносов атындагы мектепти тейлейт.
Жаңы автобустар 28 окуучуга ылайыкталган. Аларда коопсуздук курлары, ошондой эле жылытуу жана муздаткычсистемалары бар.
Кененирээк: https://24.kg/a/1028562