Артем Новиков Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна кайрадан төрага болду

Артем Новиков мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Ал 21-майдан…

КР УКМК: Майнинг-фермалардын мыйзамсыз иштери аныкталды

УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупцияны жана өлкөдөгү электр энергиясынын олуттуу тартыштыгын жоюу максатында жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун аймагындагы майнинг-фермалардын…

Кыргызстандын түштүгүндө эки ирет жер титиреди

Бүгүн Ош жана Баткен облустарында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 2:44тө Ош облусунун Өзгөн районунун аймагында күчү 2 баллга жеткен жер…

Иран президенти кырсыктаган тик учак табылды

Кечээ, 19-майда Ирандын президенти учуп бара жаткан тик учак Иран-Азербайжан чек арасындагы тоолордо кырсыктаганы маалым болгон. Учурда Ирандын телеканалдары Иран Кызыл Жарым Ай коомунун маалыматына таянып, кырсыкка кабылган тик учактын…

УКМК башчысы Камчыбек Ташиев мигранттардын мыйзамсыз аракеттери тууралуу коомчулукка кайрылуу жасады…

Бишкек шаарында 18-майра караган түнү  миңдеген жаштар көчөгө чыгып, мыйзамсыз жүргөн мигранттардын кетүүсүн талап кылган.  Бул окуялар  боюнча УКМК башчысы Камчыбек Ташиев коомчулукка кайрылуу жасады. Камчыбек Ташиевдин айтымында,  бул…

УКМК: Бишкектин Октябрь райондук милициясынын кызматкерлери пара алып кармалды

УКМК тарабынан ички иштер органдарында коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө, 2024-жылдын 16-майында  ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте, 300 миң сом…

КР УКМК: Кемин районундагы стоматологиялык клиниканын директору кармалды

УКМК тарабынан Чүй облусунун мамлекеттик бийлик органдарындагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси…

Словакияда Кыргызстандын элчилигин ачуу сунушу айтылды

Словакияда иштеп жаткандар мигранттар бул өлкөдө Кыргызстандын элчилигин ачуу демилгесин көтөрүштү. Бул тууралуу сунуш Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттардын Австриядагы расмий сапары учурунда айтылды.…

Кыргызстан абанын сапатын жакшыртуу үчүн 50 млн доллар насыя алат

Кыргызстан абанын сапатын жакшыртуу үчүн Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан тарабынан 50 млн АКШ доллары өлчөмүндө насыя алат. Каржылоо жөнүндө макулдашуу президент Садыр Жапаров тарабынан ратификацияланды. Мыйзам 18-апрелде Жогорку…

Бишкектин бир катар аймагына 3 күн газ берилбейт

Жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө пландуу оңдоо жумуштарына байланыштуу 20-майдан 23-майга чейин Бишкектин бир катар аймагында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» газ кызматы кабарлады. ГРС-1,…