Артем Новиков Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна кайрадан төрага болду

0

Артем Новиков мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Ал 21-майдан тарта кызматына киришет, үч жылдык мөөнөткө дайындалды.

Артем Новиков Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунда 2021-жылы да төрага болуп иштеген. Ага чейин 2017-2018-жылдары экономика министри, вице-премьер министр болуп иштеген. 2020-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин кеңешчиси да болгон.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 2015-жылы иштей баштаган.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.