Парламент үч депутатты жоопко тартуу маселесин карайт

0

Жогорку Кеңеш 1-декабрдагы жалпы жыйынында депутаттар Асылбек Жээнбековду, Төрөбай Зулпукаровду жана Бакытбек Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн депутаттык комиссия түзүү маселесин карайт. Мындай сунушту башкы прокурор Курманкул Зулушев бергенин парламенттин расмий сайты жазды.

Жогорку Кеңеш камакта жаткан Жээнбеков менен Зулпукаровдун кол тийбестигин алуу боюнча депутаттык комиссия түзүү маселесин 26-ноябрда кезексиз жыйынга чогулуп карамак. Бирок кворум чогулган эмес.

Эки депутаттар «Кумтөр иши» боюнча коррупцияга шек саналып камалган. 25-ноябрда Биринчи май райондук соту алардын камактагы мөөнөтүн 30-январга чейин узарткан.

Ал эми Бакытбек Жетигенов «Бийликти күч менен басып алууга даярданган» деген шек менен кармалып, 27-ноябрда Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун чечими менен 26-январга чейин камалган.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.