Президенттин жубайы ишембиликке катышты

0

Президенттин жубайы Айгүл Жапарова ишембиликке чыкты. Ал начар уккан жана укпай калган балдардын мектеп-интернатына барды.

Интернаттын тарбиялануучулары иш-чаранын конокторуна концерттик программа тартуулады. Көңүл буруп, кам көрүп жаткандыгы үчүн биринчи айымга ыраазычылык билдиришти.

Интернаттын директору Эркингүл Сатывалдиеванын айтымында, бүгүнкү күндө билим берүү мекемесинин аймагына 150 түп көчөт отургузуу пландалууда.

«Бизде 300дөн ашуун бала бар. Бүгүн алар биринчи айым менен таанышып, аны менен ишембиликке чыгышты. Айгүл Жапарова бизге тамак-аш азыктарын жана балатынын көчөттөрүн алып келди», — деди Сатывалдиева.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.