Азык-түлүккө болгон кризис мындан ары дагы өрчүшүнө бардык негиздер бар. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Валдай форумунда билдирди.
Анын айтымында, бир нече мамлекеттерде, жадагалса региондордо мезгил-мезгили менен азык-түлүк кризиси жаралууда.
«Балким бул боюнча дагы сүйлөшөрбүз. Бирок бул кризис жакынкы күндөрү дүйнө боюнча өрчүшүнө бардык негиз бар. Эң жогорку чегине жетиши мүмкүн», — деди Путин.
Ошондой эле ал суу жана электр энергиясынын тартыштыгын да эске алуу керектигин айтты.