Орусиянын Сургут шаарында менчик үйдөн чыккан өрттө каза болгон беш жана сегиз жаштагы эки баланын сөөгү Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Turmush басылмасына маркумдардын жакындары билдирген.
Алардын айтымында, бир туугандар Базар-Коргон шаарында жерге берилет.
«Баарыбыздын кабыргабыз кайышып турат. Балдардын табытын жаңы эле Ош эл аралык аба майданынан тосуп алдык. Аларды атасы тосуп алды. Ушул тапта Базар-Коргонго кетип жатабыз. Жетишип барып калсак, бүгүн жерге беребиз. Болбосо эртең акыркы сапарга узатабыз», — дейт алар.
Ал эми Сургуттагы кыргызстандыктардын диаспорасынын төрагасынын жардамчысы Аваз Халманбетов маркумдардын апасы ден соолугуна байланыштуу коштошууга келе албаганын айтты.
«Бүгүн сөөктөрдү өлүкканадан алып, Кыргызстанга жөнөттүк. Ал үчүн диаспора, консулдук кызмат жана Сурут шаарындагы кыргызстандыктар каражат чогултуп бердик. Тилекке каршы коштошууга апасы ден соолугуна байланыштуу катыша алган жок. Бул окуя боюнча кылмыш иши ачылды. Балдардын апасы 15-мартка белгиленген соттук отурумга келген. Бирок кандайдыр бир себептерден улам отурум 17-мартка жылды.
Ушул тапта маркумдардын 1989-жылы туулган апасынын абалы оор, психиатриялык ооруканада жатат. Мындан бир канча жыл мурда 13 жаштагы кызы да кайтыш болуптур. Эми ага удаа эле эки баласынан айрылды», — дейт А.Халманбетов.