Рыскелди Момбековдун талапкерлигин сот калыбына келтирди

0

Рыскелди Момбековдун талапкерлигин сот калыбына келтирди.

«Мындан жарым саат мурда Бишкек шаардык административдик сотунун судьясы Азиз Эшалиев менин Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча берген арызымды толугу менен канааттандырды. БШКнын 24-ноябрда кабыл алган чечимин жокко чыгарып, мени кайра шайлоо тизмесине киргизди. Соттун чечимин акыйкат, адилет деп эсептеймин», — деди Момбеков.

Момбеков Жогорку Кеңештин депутаттыгына Социал-демократтар партиясынан талапкер болгон.

Ал буга чейин талапкерлигин калыбына келтирүү үчүн Бишкек шаардык административдик сотуна кайрылган. Саясатчы 26-ноябрда видео кайрылуу жасап, бийликти сындап келгени үчүн кысымга кабылганын жана конституциялык укугу бузулганын айтып чыккан.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Момбеков 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин бүткөнү тууралуу жасалма диплом алганы боюнча БШКга маалымат берген. Аталган университеттин адистери да ага диплом берилгени тууралуу архивдик материалдарда документтер жоктугун билдиришкен.

2021-жылы кабыл алынган жаңы Шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер жогорку билимдүү болушу керек. «Ата Мекен» партиясы аталган норма адамдын конституциялык укугун чектейт деп Конституциялык сотко кайрылган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо эртең, 28-ноябрда болот. Жогорку Кеңештеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат. Бүгүн, 27-ноябрда үгүт өнөктүгү токтоду.

2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы элдин нааразылыгынан улам жокко чыгып, өлкөдө бийлик алмашкан. Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы мөөнөтүнөн бир жыл ашык иштеди.

Булак: Азаттык кж

Get real time updates directly on you device, subscribe now.