С. Жапаров парламенттик шайлоодо добуш бергенден кийин иш сапары менен Түркмөнстанга кетти

0

Президент Садыр Жапаров 28-ноябрда парламенттик шайлоодо добуш бергенден кийин жумушчу сапары менен Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарына учуп кетти.

Ал жакта Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышат. Ушул эле күнү Бишкекке кайтып келерин президенттик администрациядан билдиришти.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун төрагалыгы менен өтчү саммитте Ашхабаддын Экономикалык кызматташтык уюмуна жана анын уставдык органдарына төрагалык кылуусунун жыйынтыгы чыгарылат. Саммиттин соңунда жыйынтыктоочу декларация кабыл алынат.

Делегациясынын курамында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Кыргызстандын Экономикалык кызматташтык уюмундагы туруктуу өкүлү, Кыргызстандын Ирандагы элчиси Турдакун Сыдыков, Түркмөнстандагы кыргыз элчиси Талант Султанов бар.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.