Садыр Жапаров: «2010-жылдын 7-апрелинде кыргыз калкы бийликтин чыныгы ээси экендигин бүт дүйнөгө даңазалай алды»

0

Президент Садыр Жапаров 7-апрель — Апрель элдик революциясы күнүнө карата кайрылуу жолдоду.

«Урматтуу мекендештер!

Бүгүн, Апрель элдик революциясына он бир жылдын жүзү болуп отурат. 2010-жылдын 7-апрелинде кыргыз калкы өзүн тарыхый процесстин жигердүү катышуучусу жана бийликтин чыныгы ээси экендигин бүт дүйнөгө даңазалай алды.

Эгемендүү Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында Апрель окуялары орду толгус жоготуулардын, кырчындай өмүрлөрдүн кыйылышы менен коштолгон окуялар катарында калды.

Ɵткɵн бийликтердин кулашынын себеби — коом менен бийликтин ортосундагы узак убакыт бою чечилбей келе жаткан карама-каршылык. Адилеттикке, калыстыкка умтулуу — элибизди толкуткан, революцияга алып келген негизги күч. Март революциясы максатына жетпей калгандыктан Апрель революциясы болду.

Кымбаттуу кыргыз калкы!

2010-жылы 7-апрелде кыргыздын уул-кыздары Ак Үйдүн алдына ɵз саясий укуктарын коргоо үчүн барган эле. Бирок бийликтин карапайым элден алыстап калгандыгы билинди. Апрель окуяларында элибиздин тайманбас уулдарынан айрылдык. Арадан канча мезгил ɵтсɵ да, шейит кеткен Апрель баатырларынын кайгысы эч качан унутулбайт. Баатыр уулдарыбыздын жаркын элеси түбɵлүккɵ жашай берет.

Апрель революциясынын эң башкы натыйжасы мамлекеттин өнүгүшүндөгү демократиялык жолдун тандалып алынышы болду. Бул элдик революциянын дагы бир сабагы: мамлекеттик бийликти күч колдонуп, кан төгүү жолу менен эмес, тескерисинче, тынчтык жолу менен мыйзам чегинде, таза шайлоо аркылуу чыңдоо керектигин көрсөткөнүндө. Апрель элдик революциясынын курмандыктарынын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Мамлекетибизде тынчтык жана бакубатчылык өкүм сүрсүн!» деп жазылат кайрылууда.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.