Садыр Жапаров: Менин үй-бүлөм саясатка аралашпайт

0

“Менин үй-бүлөм саясатка аралашпайт”, — деп билдирди президент Садыр Жапаров маалымат жыйынынын жүрүшүндө журналисттердин сууролооруна жооп берип жатып.

“Депутат Дастан Бекешев менин уулумдун “Эл үмүтү” партиясы менен байланышы бар экендигин билдирди. Мен уулумдан бул тууралуу сурадым, уулум ага саясий уюмду жетектеп, шайлоого баруу сунушу түшкөндүгүн айтты. Бирок мен кескин түрдө тыюу салдым. Биздин менталитет ошондой: бийликтеги адамдын жакындарына ар кандай сунуштар менен келишет”, деди мамлекет башчысы.

Жубайы Айгүл Жапарова жетектеген «Үмүт булагы» фондуна токтолгон мамлекет башчысы фонд 2010-жылы эле түзүлгөндүгүн белгиледи.

“Мурда ал анчалык активдүү эмес болчу. Бир жыл мурун мен өзүм фонддун иштешине уруксат бергем. Салым кошом деген ишкерлер, демөөрчүлөр болду. Алар азыр оорулуу балдарды дарылоого, аялуу үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүп жатышат”, — деди ал.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.