Ырчы Самат Доолотбаков адам өмүрүн эмнеге корото турганы тууралуу кызыктуу постту өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу күйөрмандарына бөлүштү.

“Адам баласы дүйнөлүк статистика боюнча, орточо эсеп менен 78 жыл жашайт экен. Анын ичинен:

— 9-10 жылыбыз — интернет, соцтармактар, кино-сериал жана видео-оюндарга кетет экен;

— 5-7 жылыбыз — жолдо өткөрөт экенбиз;

— 6-12 ай — бирөөнү күтүүдө өткөрөт экенбиз.

Соцтармак, кино-сериал, оюн-зоок, дегеле кереги жок нерселерге ушунчалык көп убакыт сарптай турган болсок, китепке, билимге, өнүгүүгө күндө 15 мүнөтүбүздү бөлө албайт экенбиз, тилекке каршы. Ойлонуп көрүңүз, туура жашап жатабызбы? Балким, бул постту окугандан кийин, жашооңузду бир аз болсо да, жакшы жака өзгөртөөрсүз”,-деп жазды ырчы.

Заман кж