Санкт-Петербургда 18 жаштагы Кыргыз жараны бала бакчанын чатырынан кулап кетти

0

 

  Санкт-Петербургда Кыргыз жараны бала бакчанын чатырынан кулап кетти. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги тарабынан маалым болду.

Маалыматка ылайык, 12-январь күнү 2004-жылы туулган Кыргыз жараны Б.Ж. бала бакчанын чатырын кардан тазалап жатканда кулап кеткен. Ал көптөгөн жаракаттар менен оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Дарыгерлердин айтымында, анын абалы оор деп бааланууда, келе жаткан аптада анын жамбаш сөөгүнө операция жасалат.

Ошондой эле элчиликтен учурда бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын кошумчалашты.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.