Сейтек Качкынбай «Альянс» партиясына кошулду

0

Кыргыз либерал демократиялык партиясынын лидери Сейтек Качкынбай «Альянс» партиясына кошулду. Бул тууралуу партиянын бүгүнкү сьездинде белгилүү болду.

Бүгүн, 12-октябрда партия съездин өткөрүп жатат. Ага депутаттар Алтынбек Сулайманов, Мирлан Жээнчороев, Жанар Акаев, Айсулуу Мамашова, Абдывахап Нурбаев, Дастан Бекешев, Нурбек Мурашев, Дүйшөн Төрөкулов катышууда. Ошондой эле Элдар Абакиров, Чыңгыз Айдарбеков, Эрнис Кыязов, Чынара Капаровалар да бар.

Партиянын саясий кеңешине 7 адам мүчө болду. Бүгүн талапкерлердин тизмеси бекитилет.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Учурда партиялар талапкерлеринин тизмесин тактоодо.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.