Шамалдын кесепетинен 10 адам, 70 социалдык объекти жабыркады

0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 28-мартта катуу шамал катталган аймактарда жабыркагандар жана материалык чыгымдар болгон.

Бишкек, Чүй жана Талас башкармалыктарынан 29-мартта саат 8:30га карата алынган маалымат боюнча он адам жабыркап, 70 социалдык объект, 80 турак үй, 4 чарбалык курулуш, негизинен шамал жүргөн аймактарда жалпысынан 154 объектиге зыян келген.

Бишкек шаары боюнча 66 объекти жабыркаса, анын 26сы социалдык мекеме, 36сы турак үй, 4ү чарбалык курулуш болгон.

Ал эми Чүй облусунда 42 социалдык объект жана 42 турак үй, жалпысынан 84 объекттин чатырын учурган.

Табигый кубулуштун кесепеттерин жоюу, материалдык чыгымдарды тактоо жана ыкчам чара көрүү максатында жергиликтүү Жарандык коргонуу кызматтары иш алып барууда.

28-мартта Бишкек жана Чуй облусунун аймагында саат 16:15тен саат 16:45ке чейин ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен катуу шамал катталган.

Борбор калаада өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.