Спикер чет өлкөлүктөргө жер берүү мыйзамы кабыл алына электигин айтты

0

Бүгүн, 2-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Марлен Маматалиев Кытай жарандарына жерлерди сатуу боюнча мыйзам кабыл алынбаганын айтты.

Ал коомчулукта туура эмес маалымат тарап жатканын, Жогорку Кеңеш жер тууралуу мыйзамды карай электигин белгиледи.

«Чет өлкөлүктөргө жер берүү боюнча 1992-жылы жана 2000-жылы кабыл алынган мыйзамдардын алкагында ишмердүүлүк жүргүзүлүп келген. Буга чейин эле 49 жылга берүүлөр болгон экен. Биз жаңы мыйзамды карап көрсөк, анда, тескерисинче, жерди сатпоо каралган экен.

Ошондой эле жерди трансформация кылууну жокко чыгарат экен. Тескерисинче, жөн эле 49 жылга берип жибербей, алгач 10 анан 25 жылга берүү каралыптыр. Ал мыйзам парламентке түшсө, депутаттар сөзсүз түрдө электен өткөрүп, элдин кызыкчылыгын эске алып, анан өткөрөбүз»,- деди спикер.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.