Чуңкурчак жайлоосунда жайгашкан «Супара-2» этно-комплексинде болгон өрттөн үч жаран жабыркады.
Бүгүн, 5-ноябрда Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, алар иске ууланып калышкан. Жабыркагандарга ооруканада жардам берилген соң, экөө үйүнө дарыланууга чыгарылды. Ал эми бирөө ооруканага жаткырылды. Анын абалы канааттандырарлык, 2-3 күндө үйүнө чыгарын мекеме кошумчалады.
Эскерте кетсек, кечээ, 4-ноябрда саат 21:52 чамасында аталган аймакта өрт чыкты. Милиция тилсиз жоо мештин морунан тутанганын билдирип, териштирүү башталганын кабарлады. Натыйжада ашкананын 350-400 чарчы метр аянты жана бир жыгач боз үй күйгөн.