УКМК: «Баткенде буга чейин жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иштери жүрүп жатат»

0

Кыргыз-Тажик чек арасында бүгүн, 4-май саат 09:30га карата абал туруктуу. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, өткөн түнү чыр-чатактар жана ок атышуулар катталган жок.

«Баткен облусунун Баткен районунун Актатыр айыл аймагынын Орто-Боз жергесинде 3-майдан баштап Коргоо министрлигинин сапёрлор тобу буга чейин жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу ишин алып барууда. Ошол себептүү чек ара тилкесине жакын жашаган Баткен облусунун тургундарынан жарылуунун үнүн укканда дүрбөлөңгө түшпөңүздөр деп өтүнөбүз», — деп жазылат маалыматта.

Чек ара кызматкерлери бардык Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара сызыгын бойлой күзөт жүргүзүүдө. Чек ара кызматынын Баткен облусунда жайгашкан бөлүктөрү жана бирикмелери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.