Улуттук банк рублдин кымбаттап жаткан себебин түшүндүрдү

0
Улуттук банк рублдин курсу эмнеден улам көтөрүлүп жатканын түшүндүрүп берди.
Апрелдин башында рублдин курсу 1,07 сомду түзсө, бүгүн дээрлик 1,2 сомго жетти. Улуттук банктын маалыматына ылайык, рублдин бекемделишине Жакынкы Чыгыштагы жаңжал себеп: күйүүчү май кымбаттап, Россия башында турган экспортчу өлкөлөрдүн кирешеси көбөйүүдө.
Бул өз кезегинде Россияда эмгектенген жүз миңдеген кыргызстандыктын кирешесин жогорулатты. Андан тышкары, өз продукциясын Россиянын рыногуна экспорттогон кыргызстандык өндүрүүчүлөр үчүн да пайдалуу болууда.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.