Урмат Самаев Өмүрбек Текебаевге кол салууга тиешеси бар деген маалыматты четке какты

0

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда кармалган Ыбыш Эшпаев Урмат Самаевдин өкүл баласы экени айтылган.

«Кармалган Ыбыш Эшбаевди 23 жаштагы   Токмок шаарынын жана Чүй облусунун башка 70-80% тургундары сыяктуу эле билем. Мен ушул жерде туулуп-өскөм жана албетте, бул жактагылардын дээрлик бардыгын билем.  Ыбыш Эшбаев менин шопурум эмес, ал менин өкүл балам да эмес. Эшпаев али үйлөнө да элек. Ошондуктан өкүл балам таптакыр болбойт.

Мага жалаа жапкандардын баарын сотко берейин деп жатам. Кантип мен шайлоо процессине кийлигише алам? Акыркы убакта Токмокто кандай окуя болбосун, бардыгына мени күнөөлөп жатышат. Мен мунун баарына таң калдым», — деди Самаев.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.