Жумгал районунун Баш-Кууганды айылында 10 гектар талаа өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, кырсык айылдын Орозбай аймагында болгон. Анын кесепетинен 10 гектар жердеги куураган чөп, бадалдар күйүп кетти. Учурда өрттүн себеби такталууда.