Жыл башынан бери өлкөдө күйүүчү майдын баасы 25 пайызга чейин жогорулаганы айтылды

0

Быйыл, 2021-жылдын башынан бери өлкөдө күйүүчү майдын баасы 25 пайызга чейин кымбаттаган. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч Орусия заводдорунда дүң сатуу бааларынын жогорулашына байланыштуу.

«Бүгүнкү күндө монополияга каршы орган өлкөдө күйүүчү-майлоочу материалдардын баасынын өсүшүн ооздуктоо боюнча иш алып барууда. Мунай сатуучулар тарабынан «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптары бузулган учурда, монополияга каршы орган Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрөт», — деп жазылат билдирүүдө.

Ошол эле учурда май айында апрель айына салыштырмалуу Орусиянын заводдорунда дүң сатуу баасы тоннасына 20 АКШ долларына чейин жогорулаган.

Учурда Кыргыз өлкөсү күйүүчү-майлоочу материалдар менен толук камсыз болгон жана тартыштык жок.
Булак Super.kg

Get real time updates directly on you device, subscribe now.