Асема: “Эриң турса да, кызганычтан улам чачын жулуп, өзүн жоготкондор болот” (ФОТО)

0

Ырчы, актриса Асема жылмаюу тууралуу сөз кылып, адамдарга айдын нурундай жаркырап тургандар жагаарын айтат:
“Жылмаюу- ийгиликтин ачкычы энергияга бай, таң эрте туруп, бардык нерсеге жетишип, ушакка убакыт таппай, негативден алыс болуп, жаш баладай чимирилип кээде ырдап, бийлеп да секирип, дардаңдап чуркап жибересиң. Энтузиазм коштоп гана жүрөт. Жылмайып жүрсөң, маңдайың ачык, жарык адам көрүнөсүң. Эч качан жалгыз калбайсың.

Дайыма көп адамдардын курчоосунда жүрөсүң. Чакырууларга көмүлөсүң. (Душа компании болосуң). Болбой эле эриңден сурап кеткендерге чейин пайда болот. Ошончолук сыйга татыктуу болосуң. Башкалардын сизге болгон көңүл буруулары көбөйөт. Бат эле турмушка чыгып, бирөөнүн суктанчу жубайы болуп кетүүңүз мүмкүн. Мырзалар да жылмайып, айдын нурундай жаркырап турган кыздарды жактырат экенин билем. Бирок…….., душманың өтө көп болот. Эриң турса да, кызганычтан улам чачын жулуп, өзүн жоготкондор болот. Керек болсо, элдин алдына сени жаман көргөзгүсү келип, уят болууңду каалайт.

Ал эми мисирейгендин ийгилиги, жер жүзүн оңторуп жиберчүдөй ар дайым кабагың түйүлүп, келбети карайып, денеси бузулуп, депрессиядан улам толуп, бети шишип, целлюлит көбөюп, ашмалтайы чыгып, сасып түшкө чейин уктап, аңдып, ушак сүйлөп, ооо бүтпөгөн проблемасынан чыкпай картайгыча өзү менен үзү болуп калат. Эч кимди мындай бол деп үйрөтө албаймын. Себеби көп нерсе башымдан өттү. Адам оңолбойт. Баардыгы дээринен. Туурабы? Ар бир адам өзүнүн жашоосунда өзү сүрөтчү. Тандаңыз, кайсы түскө бойойсуз? Охх ушу менин жылмаюуум, канча маселе жаратты”.

Барс медиа

Get real time updates directly on you device, subscribe now.