«Супер-инфо» гезитине маек берип Борончу Кудайбергенов төмөндөгүлөрго токтолгон.
«Бул кабарды өзүм курман айт күнү үй-бүлөм менен олтуруп чогуу уктук. Мындай кабар мага Жараткан тарабынан «жалган жашоодо эмне кылдың?» деген суроо бергендей, эскертүү берип жаткандай башкача сезимде болдум. Өзү бул вирус деле биз үчүн чоң эскертүү болду, адамга өлүм бар экенин, ошондой эле ден соолуктун баркын билүү, күнүмдүк байлык, бийлик, дүнүйө деген убактылуу нерсе экенин далилдеди. Шариятта айтылгандай, «адам күнүнө оокат деп чуркап жүргөн жакшы нерсеңден ооруну жиберип алыстаттым дагы, өзүмө чукулдаттым» деп Жараткан айткан экен. Муну менен айтайын дегеним, адамдын алсыз экендиги, ага байлык, жаштык дагы жардам бере албасын көрсөттү. Ушунун өзү эле баарыбызга сабак болду. Ал эми жогорудагы маалыматты таратты деген Марлен Жолдубаев аттуу бала менен сүйлөштүм. Анын атынан баракча ачып жазып коюшуптур. Ал өзү биздин Кыргыз өлкөсүнүн курама командасында футболчу жигит экен. Ал мага чалып кечирим сурады.