МАЙК ТАЙСОНГО 20 МЛН ДОЛЛАР СУНУШТАЛДЫ

0

  • Бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы абсолюттуу чемпиону, америкалык Майк Тайсонго жылаңач муштум менен таймашуу Bare Knuckle Fighting Championship (BKFC) лигасы 20 миллион АКШ доллар сунуштады. Бул тууралуу спорттук уюмдун башчысы Дэвид Фельдман тастыктаганын “Чемпионат” басылмасы жар салды. Маалыматка ылайык “Темир Майк” жылаңач муштум эрежеси менен мелдешке чыгуусу керек.

Дэвид Фельдман «Майкка BKFCка чыгып бер деп 20 миллион долларды сунуштадык. Анын машыгууларын жана көргөзмө таймашка катышуу тилегин видеодон көрүп, катуу толкунданганыбыз,бул бизге сунуш берүүбүзгө шыктандырды», — деп айтты.

53 жаштагы “Темир Майктын” бул жумадагы машыгуу видеосу:

Эсиңиздерге сала кетсек, Майк Тайсон бардык салмак боюнча дүйнөнүн эң күчтүү мушкери болуп саналат. Америкалык профессионал-мушкер, профессионалдар арасында оор салмактык категорияда дүйнөнүн абсолюттук чемпиону. Ал профессионалдык рингде 60 беттеш өткөрүп, 50 ирет жеңишке жетишкен. “Темир Майк» спорт карьерасын 2005-жылы жыйынтыктаган.

Булак Zaman kg

Get real time updates directly on you device, subscribe now.