Садыр Жапаров «Шайлоо процессине активдүү катышып бериңиздер»

0

Президенттике талапкер Садыр Жапаров бүгүн өз кайрылуусун жолдоду.

«Урматтуу кыргызстандыктар! Шайлоо процессине активдүү катышып беришиңиздерди суранып кетет элем. Ал үчүн 29-декабрга чейин азыркы жашап турган дарегиңиздерге катталып коюңуздар. Эгер 29-декабрга чейин каттоодон өтпөй калып же каттооңор айылда болсо, анда шайлоо күнү айылга барып добуш берүүгө туура келет. Кыргызстан тарыхий бурулушта турабыз. Себеби президенттик шайлоо менен катар өлкөбүздө кандай башкарууну каалайсын деген суроо менен референдум өтөт. Кайдыгер карабай Мекенчил болуп, ар кимибиз өз оюбузду билдирели. Көпчүлүк элдин пикири менен эсептешип, башкаруу системасын түзөлү.»

Get real time updates directly on you device, subscribe now.