Сүйүктүү бир тууганым Айсултан, мендеги жагымсыз учурду сөз менен айтып жеткире албайм

0

Дарига Назарбаеванын тун уулу Нурали Алиев социалдык тармактагы жеке баракчасына каза болгон иниси Айсултан Назарбаевдин эч жакка жарыялана элек архивдик сүрөттөрүн жарыялады.
Анда Айсултандын балалык кезинен баштап Улуу Британиянын «Сандхерст» аскердик академиясында окуп жаткан учуруна чейинки сүрөттөр бар.
«Тынч укта, бир тууганым!» — деп жазган Нурали Алиев жарыялаган сүрөттөрүнүн алдына.
 Буга чейин да Нурали Алиев видео жүктөп, инисине арнап пост жазган.

«Сүйүктүү бир тууганым Айсултан, менде азыр болуп жаткан жагымсыз учурду сөз менен айтып жеткире албайм. Сен менин оюмда түбөлүккө каласың, жаткан жериң жайлуу болсун!», — деген Алиев.

Белгилей кетсек, Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаев 16-августта каза болгон. Өлүмдүн себеби катары Айсултандын жүрөгү токтоп калган деп кабарланган. Ага карабай, кээ бир маалымат булактары аны баңгиге ууланган деп жазып чыгышкан.

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.