Твиттерге Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Дарига Назарбаева тууралуу жазды

0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ишемби күнү, 2-майда, Дарига Назарбаеваны депутаттык укуктан ажыратуу боюнча жарлыкка кол койгон.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Дарига Назарбаевага парламенттеги жумушу үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан кабарлады. 

                                                       
«Назарбаева Дарига Нурсултановнага Казакстандын парламентинин сенатына жетекчилик кылган үзүрлүү жана активдүү эмгеги үчүн ыраазычылык билдирем», — деп жазган Токаев Twitter баракчасына.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.