Үй шартында онлайн иштөө албетте учурдун талабы жана аны менен кошо адамдарга ыңгайлуулук жаратып жаткан кез. Төмөкү кеңештер сизге жардамчы болмокчу.
Өзүңүз каалаган маанайда ойгонууга толук мүмкүнчүлүк бар
Эртең менен душ алып эле сыртка убактыңыз болбой, дароо компютерге отурууга шашасыз. А бирок мындай кылган туура эмес. Мунун ордуна эртең менен эрте туруп, китеп окуп, йога, медитация жана денени чыңалтып спорт менен машыкканга убакыт бөлүңүз.
Кийимге көңүл бөлүңүз!
Таң эрте ойгонуп эле, дароо пижамачан иш ордуңузга отурбаңыз. Маанайыңызды көтөрүү үчүн өзүңүзгө ыңгайлуу, жарашыктуу кийим кийип алыңыз.
Бир күнүңүздү пландаңыз
Бир күн мурун эртең эмнелерди аткарам деген темада ой жугүртүп, иш планыңызды түзүп алыңыз.
Иш ордун даярдап алыңыз!
Үйүңүздүн бир бурчун өзүңүзгө ылайыктуу иш орундук даярдап алыңыз
Баарлашууну дагы унутпаңыз!
Жаңыдан жумуш баштагандарга бир күн бою компьютерде отуруу кыйын. Андыктан аралыкта өзүңүздүн көңүлүңүзгө жаккан адамдар менен баарлашып туруңуз!
Булак Zaman kg