Өмүрбек Бабанов: «Үч күндө өлкөбүздүн шам чырагы болгон үч аалымыбыздан ажырадык»

0

Өмүрбек Бабанов мусулмандардын кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтты. «Орду толгус жоготуу!

Аалымыбыз, элибизге Ислам динин кеңири таанытып, динге терең ишенимди түптөп келген Чубак ажы Жалиловдон айрылдык…

Жүрөк тилинип, каңырыгыбыз түтөп турат. Элибиздин, дегеле мусулман дүйнөсүнүн опол тоодой тиреги эле. Дагы көптөгөн адамдар туура насаат алып, туура багыт алып, өзгөрмөк эле…

Ошентип акыркы үч күндө өлкөбүздүн шам чырагы болгон үч аалымыбыздан ажырадык. Кечээ, Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитовдон айрылсак, мурдагы күнү илимпоз, Токмок шаарындагы «Лукман аль-Хаким» Ислам институтунун ректору Лугмар ажы Гуахуновдон ажырадык.

Аалымдарыбыздын үй-бүлөсүнө, жакындарына, бардык санаалаш мусулмандарга терең кайгыруу менен көңүл айтам. Жараткан Аллах бейишинен орун берсин.»

Get real time updates directly on you device, subscribe now.