АКШнын Жогорку соту TikTok’ту өлкөдө тыюуга мүмкүндүк берген мыйзамды колдоду деп жазат NBC News. Мыйзамга ылайык, TikTok платформасынын ээси болгон кытайлык ByteDance компаниясы жекшемби, 19-январга чейин социалдык тармактын АКШдагы бөлүмүн сатууга милдеттүү. Эгерде бул талап аткарылбаса, тиркемеге Америка Кошмо Штаттарында тыюу салынат. TikTok бул мыйзамды мыйзамсыз деп таануу үчүн сотко кайрылган, бирок Жогорку сот компаниянын доо арызын четке какты.
Соттун билдирүүсүндө: «TikTok’тун масштабы, чет элдик мамлекеттердин көзөмөлүнө алынышы мүмкүн болгондугу, ошондой эле платформанын колдонуучулардан топтогон чоң көлөмдөгү купуя маалыматтары улуттук коопсуздук маселелерин чечүү үчүн өзгөчө чараларды талап кылат», – деп айтылган. Ошондой эле, соттун чечиминде бул чаралар сөз эркиндигин чектебей, мамлекеттик коопсуздукту коргоого багытталган деп белгиленген.